Митингге чыккандар депутаттарга иш козгоону талап кылды – видео

Митингге чыккандар депутаттарга иш козгоону талап кылды – видео

Бишкекте интернетти чектөөгө алган мыйзам долбооруна каршы акциясы өттү.

Ага миңден ашуун адам катышып, Лев Толстой жана Дзержинский көчөлөрүнүн кесилишинен баштап, Ала-Тоо аянтына чейин нааразылык жүрүшүнө чыгышты.

Алар «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору сөз эркиндигине каршы келерин айтышып, аны артка чакыртып алууну, ал эми авторлору мандатын тапшыруусун талап кылышты.

Мындан сырткары аталган мыйзам долбоорун колдоп берген депутаттардын аракетине мыйзам чегинде баа берүү өтүнүчүн укук коргоо органдары жана президентке жолдошту.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>