Митингтин катышуучулары Садыр Жапаров менен Улукбек Мариповдун чыгуусун талап кылууда

Митингтин катышуучулары Садыр Жапаров менен Улукбек Мариповдун чыгуусун талап кылууда

Чек арадагы чырга байланыштуу Бишкекте өтүп жаткан митингдин катышуучулары президент Садыр Жапаров, премьер-министр Улукбек Марипов жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин чыгып жооп берүүсүн талап кылууда.

Учурда Өкмөт үйүнүн астында “Баткен, сен жалгыз эмессиң” аталышындагы митинг өтүүдө.

Белгилей кетсек, 29-апрелде Баткен районунун Көчө-Бою аймагында абал курчуп кеткени айтылган. Кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Алар кыргызстандыктарга жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.

Буга чейин топтолгон эл Көк-Таш айылындагы жаш балдар менен аялдар Баткенге жеткирилгенин жана  кыргыз жеринде жайгашкан аскер бөлүмүн аткылап, кызматкерлер эч кандай каршылык көрсөтө албай качып чыкканын айтышкан.

Ал эми облустук милиция Баткендеги чек арада атышуулар уланып, жаракат алгандар бар экенин билдирген. УКМК болсо Тажикстандын чек ара кызматы телефон чалууларды кабыл албай жатканын кошумчалаган.

Мындан сырткары, Көк-Таш айылынын тургундары элге курал берүүнү талап кылууда. Соңку маалыматтар боюнча тажик тарап Көк-Таш айылындагы трансформаторду атып, электр жарыгы өчкөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>