МКУ кайра камсыздандыруу боюнча негизги оператор болобу? Министрлер кабинети эмне сунуштоодо?

19.01.2026 | 13:27

Министрлер кабинети «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКсына (МКУ) кайра камсыздандыруу боюнча улуттук оператор макамын берген токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документ президенттин «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан. Анын максаты — капиталдын чет өлкөгө агылып чыгышын кыскартуу, жергиликтүү камсыздандыруучулардын каржылык туруктуулугун жогорулатуу жана улуттук кайра камсыздандыруу дараметин түзүү.

Бул эмне үчүн керек?

Маалымкат-негиздемеге ылайык, акыркы 4 жылда (2021–2024) чогултулган 11,6 млрд сом камсыздандыруу сый акыларынын дээрлик 3,5 млрд сому (29,9%) чет өлкөлүк кайра камсыздандыруучу компанияларга кетип калган. 2024-жылы бул көрсөткүч мындан да жогору болгон: кайра камсыздандырууга берилген 1,5 млрд сомдун 85%ы чет өлкөгө кеткен.

Кырдаалды өзгөртүү үчүн бийлик тобокелдиктердин басымдуу бөлүгү мамлекеттин кепилдиги астында өлкө ичинде кала турган механизмди түзүүнү сунуштоодо.

Бул кантип иштейт?

«МКУ» ААКсы (акциялардын 100%ы мамлекетке таандык) кайра камсыздандыруу рыногундагы негизги оюнчуга айланат. Тобокелдиктерин чет өлкөдө кайра камсыздандырууну каалаган камсыздандыруу компаниялары алгач аларды МКУга сунуштоого милдеттүү болушат.

Улуттук кайра камсыздандыруучуга сунушталуучу тобокелдиктердин үлүшү боюнча баскычтуу талап киргизилүүдө:

  • 2026-жылдан тартып — 10%дан кем эмес;
  • 2027-жылдан тартып — 20%дан кем эмес;
  • 2028-жылдан тартып — 30%дан кем эмес;
  • 2029-жылдан тартып — 40%дан кем эмес;
  • 2030-жылдан тартып — 50%дан кем эмес.

МКУ бул тобокелдиктерди толугу менен же жарым-жартылай кабыл алууга, же болбосо алардан баш тартууга укуктуу. Тобокелдикти чет өлкөлүк кайра камсыздандыруучуга улуттук оператордон жазуу түрүндөгү баш тартууну алгандан кийин гана өткөрүп берүүгө болот.

Евразиялык интеграция

Кыргызстан тең уюштуруучусу болуп саналган Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясы (ЕКК) менен өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Долбоорго ылайык, бардык экспорттук тобокелдиктерди ЕККга өткөрүп берүү жалаң гана МКУ аркылуу ишке ашырылат.

Каржылык кубаттуулук

Бул дымактуу милдеттерди ишке ашыруу үчүн мамлекет «МКУ» ААКсын олуттуу докапиталдаштырууну пландап жатат. 2028-жылга чейин компаниянын уставдык капиталын 5,15 млрд сомго көбөйтүү пландалууда. Учурда (2025-жылдын 1-январына карата) МКУнун капиталы 1,14 млрд сомду түзөт. Мындан тышкары, 2027-жылга чейин компаниянын бардык таза пайдасы аны капиталдаштырууга жумшалат.

Демилгечилердин пикиринде, документтин кабыл алынышы Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги кайра камсыздандыруу бизнесин түзүүгө жана ири улуттук долбоорлорду ишенимдүү коргоону камсыздоого шарт түзөт.

Reporter.kg маалымкаты: Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул «камсыздандыруучулар үчүн камсыздандыруу». Бул — бир камсыздандыруу компаниясы өзүнө алган тобокелдиктердин бир бөлүгүн (алынган акчанын бир бөлүгү менен кошо) башка компанияга — кайра камсыздандыруучуга өткөрүп берген механизм. Бул каржылык коопсуздук үчүн зарыл: эгер ири камсыздандыруу окуясы (мисалы, чоң заводдогу өрт, учак кырсыгы же масштабдуу жаратылыш кырсыгы) катталса, төлөп берүү суммасы бир компания үчүн оордук кылып, анын банкрот болушуна алып келиши мүмкүн. Кайра камсыздандыруу бул жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Ушул кезге чейин кыргызстандык камсыздандыруучулар ири тобокелдиктерди негизинен чет өлкөлөрдө кайра камсыздандырууга мажбур болушкан, мындан улам олуттуу каражаттар өлкөнүн экономикасынан чыгып кетип турган.

Scroll to Top