Мончодо 25 жаштагы баланы тапанча менен коркуткан жаран кармалды

Мончодо 25 жаштагы баланы тапанча менен коркуткан жаран кармалды

Ак-Ордо конушундагы мончодо элди тапанча менен коркуткан киши кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрда саат 21:10дор чамасында “102” кызматына Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан мончолордун биринде белгисиз жаран тапанча менен жарандарды коркутуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери  барганда, 25 жаштагы И.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда болжол менен жашы 25-30 жаштагы белгисиз адам арыз ээсин тапанча менен атып салам деп коркутуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, аброюна шек келтирген.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 27 жаштагы Ж.А. аттуу жаранды кармаган. Шектүү Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факт каттоого алынып, Жазык кодексинин 266-берененин (“Ээнбаштык”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>