Мияровдун жубайы милициядан жолдошун издөө иштерин токтотууну өтүндү

Мияровдун жубайы милициядан жолдошун издөө иштерин токтотууну өтүндү

«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияровдун жубайы милицияга жолдошун издөө иштерин токтотуу өтүнүчү менен кайрылып, эч кандай дооматы жок экендигин билдирген. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрда маалыматтык веб-сайттардын бирине Бишкекте шайлоо күнү Мирбек Мияров дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат чыккан.

Аталган факт журналга катталган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, Мирбек Мияров 28-ноябрь күнү саат 15:00дөр чамасында шайлоо тилкелеринин биринен чыгып, андан соң унаасы менен белгисиз тарапка кеткен бойдон байланышка чыкпагандыгы тууралуу алгачкы маалыматтарды алган.

Көп өтпөй Мирбек Мияровдун жубайы милицияга жолдошун издөө иштерин токтотууну жана эч кандай дооматы жоктугун өтүнүп кайрылган.

Айта кетсек, буга чейин социалдык тармактарда «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров Бишкекте дайынсыз жоголгонун жазып чыгышкан.

Мияров 28-ноябрь, саат 14:00дөн бери байланышка чыга элек.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>