Моралдык жана физикалык жактан чарчадым. Жапыкеев «Фейсбуктан» эки айга өргүү алды

Моралдык жана физикалык жактан чарчадым. Жапыкеев «Фейсбуктан» эки айга өргүү алды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев «Фейсбук» социалдык тармагынан эки айга «өргүү» алды. Бул тууралуу Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал психикалык жана физикалык жактан чарчаган.

«Достор мен башынан эле бийлике жулунуп, чуркаган эмесмин, биздин максат шайлоону жокко чыгарыш эле, ал болду, Сооронбай Жээнбековду кетириш керек эле кетирдик. Мен колумдан келгенин жасадым. Эч качкан жокмун. Элди алдаган жокмун.

Урматтуу Эл журт баарысы силердин колдооңор менен гана болду. Силерге Рахмат. Мен дагы эле элден качкан жокмун. Кухня былтыр ушул айда башталган. Бир жыл ары бери тынбай чуркап элди ойгото берип, өзүм моралдык жана физикалык жактан чарчап калдым.

Бир жыл тынбай иштедим. «Фейсбуктан» бир, эки айга отпуск сурайм. Нервти эс алдырайын достор. Көрүшкөнчө сак саламат болуңуздар», — деп жазган Жапыкеев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-февралда жаңы өкмөт ишке киришкен. Премьер-министр Улукбек Марипов талапкерлиги парламентте каралып жатканда өкмөттүн курамындагы мекемелер 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айткан.

Кыскартылган өкмөттүн түзүмүндө Сыймык Жапыкеев жетектеген Финпол дагы  бар болчу. 5-мартта өкмөттүн Финполду жоюу тууралуу чечими кабыл алынып, аталган кызмат жоюлган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>