Москвада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылат

06.04.2026 | 11:58

7-апрелде Москва шаарындагы Мамлекеттик Третьяков галереясынын Кадашевская жээктеги корпусунда «Доор мурасы. Семён Чуйков» аттуу көргөзмө ачылат.

Маданият министрлигинин маалыматында, көргөзмө кыргыз живописинин негиздөөчүлөрдүн бири, СССРдин эл сүрөтчүсү Семён Чуйковдун чыгармачылык мурасын таанытуу максатында уюштурулууда.

Экспозицияга автордун ар кайсы мезгилдердеги эмгектери, анын ичинде «Советтик Кыргызстандын кызы» сүрөтү жана «Кыргыз колхоз сюитасы» сериясынан тандалган чыгармалар коюлат. Ошондой эле Чуйковдун катышуусу менен топтолгон коллекциялар, белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери жана анын ысымын алып жүргөн окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн иштери көрсөтүлөт.

Көргөзмө кыргыз жана совет көркөм өнөрүнүн тарыхый мурасын тереңирээк түшүнүүгө жана сүрөтчүнүн чыгармачылыгына баа берүүгө багытталган. Иш-чара РОСИЗО мамлекеттик музей-көргөзмө борбору жана Третьяков галереясынын биргелешкен долбоору болуп саналат.

Scroll to Top