Москвада БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлиги көрсөтүлдү

Москвада БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлиги көрсөтүлдү

Кечээ, 21-майда Орусиянын борбору Москва шаарында 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин көрсөтүүгө арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Иш-чара Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндөгү (ВДНХ) «Кыргызстан» соода-көргөзмө павильонунда өтүп, аны Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев ачкан.

Элчи Кубанычбек Бөкөнтаев өз сөзүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө көрсөтүү ишинин алкагындагы Кыргызстандын негизги артыкчылыктарын белгилеп, өлкөнүн эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, алдын алуучу дипломатияга жана ортомчулукка умтулуусун, ошондой эле өнүгүп келе жаткан, тоолуу, азыраак өнүккөн мамлекеттердин кызыкчылыктарын илгерилетүү жана коргоону жактоосун билдирген.

Ошондой эле ал Кыргызстан ядролук куралсызданууну илгерилетүү, Глобалдык Түштүк өлкөлөрүндөгү туруктуу өнүгүүнү колдоо, климаттын өзгөрүшү жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык кызматташтыкты чыңдоо боюнча аракеттерин уланта берет деп ишендирген.

Иш-чарага Орусиядагы 50 мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары жана жетекчилеринин орун басарлары катышкан. Анда коноктор улуттук тамак-аштардан даам татып, Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик потенциалы тууралуу видео материалдар менен таанышып, кыргыз фольклордук композицияларынын жаңырышына күбө болушкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>