Москвада ЕАЭБдин Монголия менен кызматташуу келечегин талкуулашты

22.01.2026 | 14:33

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков Орусиянын Эл аралык иштер боюнча кеңеши уюштурган «ЕАЭБ – Монголия кызматташтыгы: абалы жана келечеги» аттуу тегерек столдо сөз сүйлөдү. Иш-чаранын жүрүшүндө ал алдыдагы өз ара аракеттенүүнүн негизги аспектилерин баяндады: атап айтканда, 2025-жылдын июнунда ЕАЭБ менен Монголиянын ортосунда Убактылуу соода келишимине кол коюлганына токтолуп, тараптардын ишкер чөйрөлөрүнүн кызматташтыгынын учурдагы натыйжалары жана келечектүү багыттары жөнүндө айтып берди.

Өз сөзүндө Владимир Серпиков Монголиянын ЕАЭБ үчүн стратегиялык маанисин баса белгилеп: «Монголияны стратегиялык жана артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири катары карайбыз жана өлкөлөрүбүз ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө маани беребиз», — деп билдирди.

Scroll to Top