Кыргызстанда жер титиреди. Жалал-Абадда дубалдардан жарака кеттиБишкекте автобустун айдоочусуна кол салган 60 жаштагы аял кармалдыWashington Post: Кытай АКШ менен болгон соода согушунда үстөмдүк кылуудаКамчатканын түштүк бөлүгү жер титирөөдөн кийин эки метрге жылып кеткенАдылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өлкөлөр боюнча БУУнун конференциясында сөз сүйлөдүБишкекте мэриянын кызматкери 2 300 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды
Москвада кароосуз калган үч бала Кыргызстанга кайтарылды
02.03.2025 | 13:16
Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган үч бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Балдарды кайтаруу Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көмөгү менен ишке ашырылды.
Мындан ары министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү иштерин жүргүзөт жана алардын абалын ар тараптан баалайт. Бул процесс социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоону камтыйт.
Министрлик 2011-жылдан бери кароосуз калган 178 бала мекенине кайтарылганын, анын ичинен 2022-жылы 8 бала, 2023-жылы 12 бала, 2024-жылы 21 бала алынып келингенин билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар