«Айтматов» тасмасынын режиссёру баасы 250 миң долларлык бриллиант алдыКыргызстанда брондолгон унааларды өндүрүү долбоору ишке ашырылуудаКыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктады — тизмеПутиндин Кремлде Уиткофф жана Кушнер менен сүйлөшүүлөрү — негизгилери13-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жана кар жаайтКлара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз берди
Москвада кароосуз калган үч бала Кыргызстанга кайтарылды
02.03.2025 | 13:16
Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган үч бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Балдарды кайтаруу Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көмөгү менен ишке ашырылды.
Мындан ары министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү иштерин жүргүзөт жана алардын абалын ар тараптан баалайт. Бул процесс социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоону камтыйт.
Министрлик 2011-жылдан бери кароосуз калган 178 бала мекенине кайтарылганын, анын ичинен 2022-жылы 8 бала, 2023-жылы 12 бала, 2024-жылы 21 бала алынып келингенин билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар