Москвада кыргыздарды тоноп күн көргөн 2 кыргыз жигит кармалды 

Москвада кыргыздарды тоноп күн көргөн 2 кыргыз жигит кармалды 

Орусияда тоноого шектелген кыргызстандык эки адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кыргыз жарандары кайрылып,  белгисиз адамдар абакта отургандарды колдоо үчүн деп акча талап кылып жатканын айтышкан. 

Мындан көп узабай эле 21 жаштагы кыргызстандык таксист жигит аны, кыргызча сүйлөгөн 2 азият түспөлүндөгү адам 9 миң рублга жакын акчасын тартып алып, дагы 30 миң бересиң деп коркутуп кеткенин айтып укук коргоо органдарына кайрылган. 

Орусиядагы ИИм өкүлчүлүгү бул окуя боюнча ыкчам аракет көрүп, орус полициясына кайрылган жана алардын көмөгү менен каракчылар кармалып, аты-жөнү такталган.  

Кармалгандардын бири кылмыштуу топторго тиешеси бар, мурда соттолгон К.Б. аттуу  23 жаштагы Чүй облусунун тургуну болсо, экинчиси кылмыштуу топторго тиешеси бар Б.А. аттуу 22 жаштагы Ысык-Көлдүн тургуну экени белгилүү болгон. 

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда дагы башка кандай кылмыштуу фактыларга тиешеси бар териштирилүүдө.

ИИМ эгер аталган кылмышка шектүүлөрдөн жабыр тарткандар болсо өкүлчүлүккө +7 (926) 890-87-00 телефон номуруна кайрылууну суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>