Кечээ, 14-майда Москвада Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМи билдирди.
Жолугушууда тараптар мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, киберкылмыштуулук, баңгикоркунучу менен күрөшүү, ошондой эле тергөөдөн изин жашырып жүргөн кылмышкерлерди мамлекеттер аралык издөө линиясы боюнча өз ара аракеттенүү чөйрөлөрү боюнча кызматташтыкты бекемдөө тууралуу сүйлөшүшкөн.
Улан Ниязбеков Кыргызстан менен Орусиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы бекемдөөнүн манилүүлүгүн баса белгилеген. Ал өз ара аракеттенүү туруктуу, иштиктүү жана достук мүнөздү камтырын билдирген.
Мындаг тышкары тараптар КМШ мамлекеттеринин Ички иштер министрлеринин кеңешинин алкагында активдүү жана жемиштүү биргелешкен ишти улантууга даярдыгын тастыкташкан.