Москвада кыргызстандыктарды тоногон кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды — сүрөт, видео

Москвада кыргызстандыктарды тоногон кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды —  сүрөт, видео

Орусиянын баш калаасы Москва шаарында кыргызстандыктарды тоногон уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Кылмыштуу топтуу кормоо үчүн ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен Орусиянын укук коргоо органдары биргеликте иш алып барышкан.

Декабрь айында ИИМдин өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын 36 жаштагы жараны кайрылган. Анын айтымында, Москвада иштеген Кара-Суу районунун 43 жаштагы тургунун белгисиз адамдар уурдап кетишкен.

Андан соң кылмышкерлер анын агасын токойго алып барышып, бычак менен денесине жаракат келтиришип, 200 000 рубль талап кылышып, мындан соң ай сайын 100 000 рубль берип турасын деп, күч колдонуп коркутушкан.

12-декабрь күнү адамды уурдап, опузалап акча талап кылган төмөндөгү кылмышкерлер кармалышкан:

  • 1997-жылы туулган Н.А., Ош облусунун Алай районунун тургуну;
  • 1999-жылы туулган М.М., Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
  • 1997-жылы туулган Ш.И., Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
  • 1988-жылы туулган И.Д., Ош облусунун тургуну.

Кармоо учурунда алар активдүү каршылык көрсөтүшкөн. Шектүүлөрдүн жанынан жабырлануучулардан алып алган акча каражаттар, 3 бычак табылган. ИИМдин маалыматы боюнча кармалгандардын бирөөсү Кыргызстанда УКТнын активдүү мүчөсү катары каттоодо турат.

[su_image_carousel source=»media: 16342,16343,16344″ limit=»36″ crop=»none»]

Шектүүлөргө карата Орусиянын  Кылмыш-жаза кодексинин “Адамды урдоо”, “Алдын ала бүтүмгө келүү менен зомбулук көрсөтүү аркылуу адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу”  белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, Москва шаарынын Тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>