Россиянын Москва шаарындагы көңүл ачуу жайлардын биринде кыргызстандык кыздардын мушташын полиция териштирип баштады. Бул тууралуу «РЕН ТВ» телеканалы жазып, жаңжалдын видеосун жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, Фридрих Энгельс көчөсүндөгү караоке-барда кыргыз жарандары эс алып отуруп, эки айым жаңжалдашып мушташа кетишкен. Кыздардын тааныштары жана көңүл ачуучу жайдагы башка адамдар алардын жаңжалын басуу үчүн арачага түшкөн. Андан кийин полиция кызматкерлери келген.