16-май күнү Москва шаарынан чартердик учак менен 161 кыргызстандык келди. Бул тууалуу коронавируска күрөшүү үчүн түзүлгөн республикалык штаб маалымдады.
Келгендердин баары “Манас” аэропортунун учуу тилкесинен текшерилген жана COVID-19 вирусуна ПЦР анализ алынып, анан соң обсервацияга жиберилген.