Моюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Кечээ, 16-мартта, Москва районунун Садовое айылындагы турак үйдүн короосунан 33 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Аны өлтүрүүгө шектелип 38 жаштагы таанышы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, 15-марттан 16-мартка караган түнү аталган үйдүн ээси С.С. жана анын таанышы П.О. спирт ичимдиктерин ичишкен. Экөөнүн ортосунда чыр чыгып, анын натыйжасында С.С. ашкана бычагы менен П.О.нун моюн тарабына сайып жиберген. П.О. окуя болгон жерде каза болгондон кийин, шектүү анын сөөгүн үйүнүн короосуна алып чыгып койгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.