МСК төрагасы: Салык кызматы бизнес менен өнөктөштүк мамилеге өттү
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун коллегиялык жыйынынын жүрүшүндө салык төлөөчүлөр менен иштөөдөгү мамиле түп-тамырынан бери өзгөргөнүн билдирди. Анын айтымында, 2025-жылдын башкы жыйынтыгы — өз ара аракеттенүү философиясынын өзгөрүшү болду: тагыраагы, «контролер — тартип бузуучу» моделинен «мамлекет — өнөктөш» форматына өтүү ишке ашты.
Ведомство башчысы өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча салык жыйымдарынын жогорку көрсөткүчтөрү кокустук же экономикалык кырдаалдын оңунан келиши эмес экенин баса белгиледи. Бул — КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен ишке ашырылып жаткан ырааттуу мамлекеттик саясаттын, ошондой эле салык кызматынын жамаатынын кесипкөй ишинин натыйжасы.
Алмамбет Шыкмаматов ой жүгүртүүнүн өзгөрүшү жана жазалоочу мамиледен баш тартуу өлкөгө буга чейин эле реалдуу пайда алып келгенин белгиледи.
«Дал ушул ой жүгүртүүнүн өзгөрүшү бюджет жана жалпы экономика үчүн өлчөөгө боло турган, сезилерлик натыйжа берди — бул жыйынтык цифралар жана өнүгүү динамикасы менен тастыкталды», — деп баса белгиледи МСК жетекчиси.
Ошентип, өнөктөштүктүн жаңы стратегиясы 2025-жылы бюджеттик түшүүлөрдүн туруктуу өсүшүн жана Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берген натыйжалуу курал катары таанылды.