Муфтий: Рамазан айында үйдөн ооз ачып, таравих намазын үйдөн окуйбуз

Муфтий: Рамазан айында үйдөн ооз ачып, таравих намазын үйдөн окуйбуз

Быйылкы Рамазан айынын башталышы өзгөчө абал режимине туш келгендиктен орозо маалында ооз ачуу жана тарафик намазы үйдө окулат. Бул туурасында Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин видеокайрылуусу Муфтияттын «Ютубдагы» каналына жарыяланды.

“Абал турукташканга чейин таравих намазын үйдө окуйбуз жана ооз ачарлыктарды дагы үйдө бал-чакабыз менен чогуу кылабыз”, — деген анда Максатбек ажы Токтомушев.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы азырынча  орозо айы кайсы күнү баштала турганын ачык айта элек.

Өткөн жылы Орозо айынын биринчи күнү 6-майга туура келип, Орозо айт майрамы 5-июнда белгиленген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>