Битир-садаганын эсебинен социалдык коргоого муктаж жарандарга 2 млн 840 миң сом таратылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалым болгондой, анын ичинен 1 млн 152 миң сому операция боло турган бейтаптарга жана майыптарга, калган 940 миң сом жетимдерге берилди.
“Быйылкы жылы Кыргызстан боюнча 54 млн сом битир-садага топтолгон. Жыйналган каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге, 15 пайызы хатибияттарга, 15 пайызы казыяттарга, калган 10 пайызы муфтиятка бөлүнгөн. Жогоруда муктаж жарандарга таратылган акча каражаты Муфтиятка бөлүнчү 10 пайыз битир-садаганын эсебинен берилди”, — деп билдиришти Муфтияттан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз