«Борбор Азия – Кытай» саммитинде Сиань декларациясына кол коюлду

«Борбор Азия – Кытай» саммитинде Сиань декларациясына кол коюлду

Бүгүн, 19-майда Кытайдын Сиань шаарында өткөн «Борбор Азия – Кытай» саммитинин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Документке Кыргыздын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон.

Андан тышкары, саммиттин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

— «Борбор Азия – Кытай» өнөр жай-инвестициялык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— «Борбор Азия – Кытай» форматындагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы санариптик соода жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— «Борбор Азия — Кытай» форматында инфраструктура жана инженердик курулуш тармагында кызматташууну өнүктүрүүнү алдыга жылдыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— «Борбор Азия – Кытай» айыл чарба министрлеринин жолугушуусунун механизмин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— «Борбор Азия – Кытай» форматында бажы кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүү механизминин иши жөнүндө жобо;

— «Борбор Азия — Кытай» форматындагы компетенттүү органдардын ортосунда жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантиндик алып кирүү жана алып чыгуу жаатындагы техникалык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— «Борбор Азия – Кытай» Ишкер кеңешин түзүүдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>