Мугалимдердин эмгек өргүүсү үчүн бюджеттен 9 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.
«Мугалимдер жакында каникулга чыгышат. Алардын эмгек өргүүсүнө каражат бериш керек. Министрлер кабинетинин башчысы алар каражат чогултуп жатканын, ошондуктан курулуп жаткан социалдык объектилерди каржылоо азырынча токтоп калганын түшүндүрдү. Ушул жуманын аягында каржылоо кайра жанданат”, — деди парламенттин төрагасы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз