УКМК: Дары-дармек департаментинин директору кармалды

УКМК: Дары-дармек департаментинин директору кармалды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык букюмдар департаментинин директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, департаменттин директору А.А. башка жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүп алып, дары-дармектерди тез каттап, сертификат берүү үчүн фармацевтикалык компаниялардан акча алып турган.

«Ошол эле учурда иш жүзүндө лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес, же формалдуу түрдө жүргүзүлгөн. Жооптуу адамдардын мындай аракеттери сапаты сертификациялык талаптарга жооп бербеген медициналык буюмдарды каттоо коркунучун жаратат жана өлкөнүн калкынын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет», — деп билдирет УКМК.

Департаменттин директору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочуу жайына камакка алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>