Көк-Жарда мыйзамсыз үйлөрдү курууга байланыштуу мурдагы айыл өкмөт башчы кармалдыШарт түзмөйүнчө эч нерсеге тыюу сала албайбыз — Мэр тыгын маселесин талкууладыКөңүл буруңуздар! 21-октябрда “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында суу өчүрүлөтБишкек мэри шаарда метро курулабы деген суроого жооп бердиЭнергетика министрлиги: “Кемин” көмөк чордону ноябрга чейин толук даяр болотБаңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи
Мухаммедкалый Абылгазиев Финполго суракка чакыртылды
21.10.2020 | 10:05
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу Reporter.kg`ге өздүк булактар кабарлады.
Маалымат булагыбыз билдиргендей, мурдагы өкмөт башчы кайсы иштин алкагында суракка чакыртылганы белгисиз. Алдын ала маалыматтарга караганда, COVID-19 пандемиясы күчөп жаткан учурда өлкөгө келген гумжардамдардын сарпталышына байланыштуу козголгон иштин алкагында сурак берип жатат.
Белгилей кестек, Абылгазиевге Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салынганы 20-октябрда белгилүү болду.
Абылгазиев июнь айында жыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен. COVID-19 пандемиясындагы шалаакылыктарга байланыштуу мурдагы өкмөт башчыны жоопко тартуу керектиги айтылып келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар