Мухаммедкалый Абылгазиев Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Мухаммедкалый Абылгазиев Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүү учурунда Мухаммедкалый Абылгазиев Дмитрий Медведевге Орусия Өкмөтүнүн төрагасы кызматындагы биргелешкен үзүрлүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Өкмөт башчы анын кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө жана ар кыл тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымын баса белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле евразия интеграциясы идеясын илгерилетүү боюнча бирге жүргүзүлгөн конструктивдүү иштерге өзгөчө көңүл бурду. Ал Кыргызстанда Дмитрий Медведевдин стратегиялык өнөктөштүктү жана өлкөлөр аралык шериктештикти бекемдөөдөгү жеке салымы жогору баалана турганын белгиледи.

Сүйлөшүү учурунда кыргыз-орус алакаларынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>