«Мурас Юнайтед» футбол клубундагы чыр чатактан кийин футболчу Мирбек Ахматалиев тартип жазасына тартылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Ал 5 жыл эч бир клубда ойной албайт.
15-август күнү Бишкектеги «Сельмаш» стадионунда команданын машыгуусу учурунда чыр чыккан. Анда чет элдик оюнчу (легионер) Евгений Терси жаракат алып, тагыраагы жаагы сынган. Ага жол берген машыктыруучулар штабы жана клубдун спорт директору иштен алынган. Ал эми командалышы менен мушташкан Мирбек Ахматалиев менен келишим үзүлгөн.
Кыргыз футбол биримдиги агрессияга жол берилбестигин белгилейт.
«Кыргыз футбол биримдиги агрессия жана зордук-зомбулук көрсөткөн деструктивдүү аракеттерди бир беткей айыптайт. Физикалык же эмоционалдык жактан зыян келтирүүгө жөндөмдүү, андыктан таптакыр кабыл алынгыс болуп саналат», — дейт ал.
Белгилей кетсек, Мирбек Ахматалиев 2016-жылдан бери Улуттук курама топто дагы ойноп келет.