Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Мурат Осмонов Бишкек шаарынын мэринин орун басары болду
15.03.2023 | 11:52
Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп Осмонов Мурат Мукашбекович дайындалды, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Буга чейин Мурат Осмонов Улуттук статистика комитетинин «Борбор интеллектуалдык маалыматтар» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.
Дайындоо «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 49-беренесине, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин «Муниципалдык кадрлар резервине кирүү жөнүндө» буйругуна ылайык дайындалды.
Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом