Мурда-кийин өкмөттү жетектегендер жаңы «Ак үйдө» чогулду

Мурда-кийин өкмөттү жетектегендер жаңы «Ак үйдө» чогулду

Жаңы «Ак үйдүн» имаратында – «Ынтымак-Ордодо» Кыргызстандын мурдагы 12 премьер-министр жана азыркы өкмөт башчы чогулду.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 19-сентябрда мурдагы өкмөт башчы Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына карата «Ынтымак-Ордодо» салтанаттуу иш-чара өтүп, ага мурда-кийин өкмөттү жетектегендер, министрлер, коомдук иешмерлер катышкан.

Иш-чарага катышкан экс-премьерлердин арасында Мухаммедкалый Абылгазиев, Өмүрбек Бабанов, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев, Амангелди Муралиев, Апас Жумагулов, Турсунбек Чынгышев, Жантөрө Сатыбалдиев, Феликс Кулов, Темир Сариев, Кубанычбек Жумалиев жана Кубатбек Боронов бар. Ошондой эле иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Жумагуловдун мааракесин утурлай «Ынтымак-Ордодо» анын сүрөтү илинди. Бүгүн Апас Жумагулов 90 жашка чыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>