Садыр Жапаров: Кыргызстан Австриянын банк сектору менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарЭкономист Төлөнбек Абдыров Кыргызстанга ШКУ банкы эмне үчүн керек экенин түшүндүрдүКыргызстандан Кытайга «Торугарт» аркылуу дан азыктары экспорттоло баштайтСадыр Жапаров: Санкция киргизүү укугу БУУга гана таандык болушу керекКаракол шаары Business Aviation Summit 2026 саммитин кабыл алды: жаңы багыттар жана инвестицияларСадыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында эмнелерди айтты?
Таласта УКМК тергөөчүнү кармады (видео)
19.09.2024 | 17:25
Талас шаарында пара опузалоого шектелип милициянын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, Талас шаардык милициясынын тергөөчүсү Б.Б. кылмыш ишин жабуу үчүн бир жарандан 40 миң сом опузалаган.
17-сентябрда ал пара алып жатканда, УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан колго түшүрүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүрүүдө.