Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков эгиз уулду болду

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков эгиз уулду болду

Бишкек жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча абакка кесилген мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков эгиз уулду болду. Бул тууралуу 11-мартта ЖЭБ иши боюнча өтүп жаткан соттук отурумда айтылды.

Исаков  бул кабарды жаңы эле угуп, сүйүнүп жатканын билдирген. Анын айтымында аялы Малика Арстанбекова 11-мартта Бишкектеги төрөтканалардын биринде көз жарган.

Буга чейин жубайлардын 4 кызы бар болчу.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков өткөн жылдын декабрь айында 15 жылга эркинен ажыратылган.  Бул чечимге макул болбогон анын жактоочулары апелляциялык арыз менен жогорку инстанцияга  кайрылган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>