Инвестициялар боюнча улуттук агенттик NWT Group компаниясы менен энергетика, өнөр жай инфраструктурасы жаатында кызматташатБүгүн, 9-апрелде, көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаайтКыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 гана ардагери калды: алар Жеңиш күнүнө карата кандай төлөмдөрдү алышат?ТИМ: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну кубаттайтАвтобустарда телефон уурдап жүргөн. Бишкекте чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалдыКыргызстан менен Япония «Бир айыл — бир продукт» долбоорун өнөр жай масштабына өткөрүүнү макулдашты
Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы бир кызматтан кетти
03.07.2024 | 12:23
Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенти кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Зулушев кызматтан өз каалоосу менен кетти. Ал федерациянын башына жаш, энергиялуу жетекчи келиши керектигин билдирген. Зулушев федерациянын жетекчилигине Айбек Абылкасымовдун талапкерлигин колдоого аларын айткан. Анын талапкерлиги 17-июлда каралат.
Эскерте кетсек, Курманкул Зулушев быйыл 19-апрелде башкы прокурор болуп турганда Көк бөрү федерациясынын президенти болгон.
Ал 3-июнда башкы прокурор кызматынан кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом