Өлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлат
Өзбекстанда жумуш таппай Бангладештин 11 жараны КРга чек арадан мыйзамсыз өткөн
03.07.2024 | 12:51
Бангладештин 11 жараны өзбек-кыргыз чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алар 8-июнь күнү Өзбекстанга келип, ал жакта бир бою жумуш таппай, Кыргызстанга багыт алышкан. Чек арадан Жалал-Абад облусунун аймагына өтүп жаткан мезгилде колго түшөт.
Алардан тышкары, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жана Сейдикум айылында мыйзамсыз жүргөн Бангладештин 46 жараны кармалды.
Кармалган чет элдиктер өлкөдөн чыгарылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом