Баткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрейТүркиядагы эл аралык турнирде кыргызстандык мушкерлер эки алтын, бир күмүш медаль жеңишти
Мурдагы күйөөсү кулагы менен мурдун кескен аялга 8 саат операция жасалды
21.09.2023 | 11:19
Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулагы жана мурдун кесип салган аялга 8 саат операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда аял Улуттук госпиталда жатат. Абалы орто оор деп бааланууда. Ал оорукананын реанимация бөлүмүнөн башка бөлүмгө которулган. Аял дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Эскерте кетсек, 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Жабыркаган аял ооруканага түшкөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом