Чүйдө күйөөсү аялын сабап, кулагын жана мурдун кесип салган

Чүйдө күйөөсү аялын сабап, кулагын жана мурдун кесип салган

Чүй облусунун Селекция айылында күйөөсү аялынын кулагын жана мурдун кесип салган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, ал аялын эч себепсиз кызганып, сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Учурда ал кармалып, жабыркаган аял ооруканага жаткырылган.

Ал эми Чүй облустук милициясынын маалыматы боюнча, 20-сентябрда милицияга Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы Н.А. аттуу аял бычактан жараат алып, ооруканага жеткирилгендиги жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинен 130-беренеси (денеге оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары жабыркаган аялдын 39 жаштагы Э.А. аттуу күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>