Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кармалды

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кармалды

«Мыйзамсыз баюу» беренеси менен абакка кесилген мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Зилалиев 12-октябрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Белгилей кетсек 4-октябрда өткөн шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече саясатчы тарапташтары тарабынан абактан чыгарылган. Алардын арасында Дүйшөнбек Зилалиев дагы бар болчу.

Учурда аларды абакка кайтаруу иштери жүрүп жатат. Буга чейин Башкы прокуратура башаламандык учурунда абактан чыгып кеткендердин баарын өз ыктыяры менен кайра абакка кайтууну талап кылып билдирүү тараткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>