Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Мусаев: Кыргызстандагы токойлор картага түшүрүлөт
18.02.2022 | 09:00
Кыргызстанда токойлорду электрондук картага түшүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Мусаев билдирди.
Анын айтымында, санариптештирүүнүн алкагында токойлор гектар менен эсептелбей, бөлүп санала баштайт.
Токой чарбалык жумуштар, токойду өстүрүү, пландоо иштеринин баары электрондук форматка өткөрүлөт. Кыргызстанда токой фондунун жерлеринде 20 миңдей ижарачы бар, алардын баарынын электрондук базасы түзүлөт.
Эске салсак, 2022-жыл өлкөдө “Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы” деп жарыяланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом