Дүйнөлүк банк менен бийлик энергетиканы талкуулады

Дүйнөлүк банк менен бийлик энергетиканы талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Кыргызстандагы  Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви  жолугуп, кыргыз энергетикасы туурасында сүйлөштү. Бул туурасында Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, энергетикалык тармакты өнүктүрүү келечеги, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлор, энергетика тармагын өнүктүрүүгө арналган форумду уюштуруу, ошондой эле  Кыргызстан жана Дүйнөлүк банк ортосундагы өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилөө боюнча юбилейлик иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Тараптар энергетика тармагын каржылык жактан күчтөндүрүү  долбооруна өзгөчө басым жасады.

Азиз Аалиев белгилегендей, Дүйнөлүк банк негизги багыттарда реформаларды ишке ашырууда республиканын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат жана каржы институтунун өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи. Ал мындан ары карай да натыйжалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви Министрлер Кабинетинин демилгелерине колдоо көрсөтүүгө жана келечекте кызматташтыкты өнүктүрүгө даярдыгын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>