Казакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталдыТрамп көпүрөлөрдү талкалайм деп коркутуп, Ирандан тезинен келишим түзүүнү талап кылдыКыргызстан малды шарп оорусунан коргоо үчүн Россиядан 4,5 миллион доза вакцина сатып алат
Мушкер Мунарбек Сеитбек уулу Индиядагы Дүйнө кубогунда күмүш медаль жеңди
21.11.2025 | 11:10
Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сеитбек уулу Индияда өткөн бокс боюнча Дүйнө кубогунун этабында күмүш медаль жеңип алды. Ал 60 кг салмак категориясында таймашып, мелдешти чейрек финалдан баштаган.
Алгачкы беттешинде Польшадан келген атаандашын 5:0 эсеби менен ишенимдүү жеңди, ал эми жарым финалда сентябрда өткөн дүйнө чемпионатында утулуп калган англиялык спортчудан реванш алды.
Финалдык кармашта Сеитбек уулу Индиянын өкүлү менен беттешип, ага утулуп, күмүш медаль тагынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт