Мьянмадагы жер титирөөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок, — ТИМ

Мьянмадагы жер титирөөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок, — ТИМ

Алдын ала маалыматтар боюнча, Мьянмадагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 28-мартта болгон жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстандын Индиядагы жана Малайзиядагы элчиликтери Мьянманын жана Таиланддын мамлекеттик органдары, Россиянын жана Мьянманын Делидеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, Кыргызстандын Ардактуу консулу, ошондой эле Бангкоктогу Кыргызстандын Ардактуу консулу менен туруктуу байланышта.

Учурда жабыркаган КР жарандары тууралуу маалымат жок.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 29-мартка карата каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Шашылыш байланыш үчүн Кыргызстандын жарандарына төмөнкү ишеним телефондоруна кайрылуу сунушталат:

— Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Мьянмада жашаган кыргызстандыктар үчүн: +919599921779 (WhatsApp).

-Таиландда жайгашкан Кыргызстандын жарандары үчүн Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги: +919560118267 (WhatsApp).

“Кыргызстандын Индиядагы жана Малайзиядагы элчиликтери Мьянма жана Таиландда жайгашкан кыргызстандыктарды кооптуу аймактардан алыс болууга жана сактык чараларын көрүүгө чакырат”, — деп айтылат маалыматта.

Франс Пресс басылмасынын маалыматына караганда, Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 694кө жетип, 1670 адам жабыркады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>