Мыйзам долбоору: Коомдук жайда тамеки чеккен үчүн 3 миң сом айыптын ордуна 900 сом төлөсөңүз болот

Мыйзам долбоору: Коомдук жайда тамеки чеккен үчүн 3 миң сом айыптын ордуна 900 сом төлөсөңүз болот

Белгиленбеген жерде тамеки чеккен жарандарга айыппул төлөөдө 70%дык жеңилдик берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Таалайбек кызы даярдап, документ коомдук талкууга чыгарылды.

Депутаттын айтымында, 2023-жылы милиция кызматкерлери белгиленбеген жерде тамеки чеккендерге карата 4 миң 126 протокол түзүлүп, 4 млн сом 117 миң сом айып салынган. Анын ичинен 2 млн 501 сом айып төлөнгөн. Быйыл тогуз айда 6 миң 102 протокол түзүлүп, 15 млн 755 миң сом айып жазылып берилген. Анын ичинен 5 млн 854 миң сом төлөнгөн. Салыштырып караганда 2023-жылы айыппулдардын 60,77%ы, 2024-жылы тогуз айда 37,16%ы төлөнгөн.

Ошол эле учурда, буга чейин көчөдө тамеки чеккендерге 1 миң сом айып салынып келсе, быйыл 5-марттан тарта ал 3 миң сомго көтөрүлгөн. Депутат айыппулдун өлчөмү көбөйгөндүктөн аны төлөгөндөрдүн саны да азайган деген пикирде.

Депутат тамеки чегүү коомго коркунуч алып келбеген жорук болгондуктан жана аны адам кокустуктан жасап алышы мүмкүн болгондуктан, айыппулду төлөөдө жеңилдик киргизүүнү сунуштоодо. Ал сунуштаган мыйзамда жаран айыппулдун протоколун алгандан кийин аны 30 күндүн ичинде төлөсө, 70% жеңилдик берүү каралууда. Тактап айтканда 3 миң сомдун ордуна 900 сом төлөйт. Бирок жыл ичинде ал жорук кайталанса, жаран кийинки айыппулду толугу менен төлөйт.

Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, кабыл алынышы керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>