ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Мыйзамсыз курулушка уруксат берген кызмат адамдарына иш козголду
27.03.2025 | 16:33
Бишкек шаарында С.Каралаев көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Маалыматка ылайык, курулуш тармагындагы мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын кызмат адамдары аталган көчөдөгү жалпы пайдалануудагы жерлерге эс алуучу, автоунаа жуугуч жана башка объектилерди курууга уруксат берген документтерди мыйзамсыз даярдап беришкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар