Мыкты жаштарга Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык тапшырылды — тизме, сүрөт

Мыкты жаштарга Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык тапшырылды — тизме, сүрөт

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын алуу – бул чоң сый-урмат жана даңк. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты 17 кыргызстандыкка тапшыруу аземинде билдирди. 

Өкмөт башчы лауреаттарды жана дипломанттарды сыйлыкка ээ болушу менен куттуктады. 

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаттары жана дипломанттары ар түрдүү тармакта жаратмандыгы менен алдыга озуп чыккан мыктылар экенин белгиледи. 


Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты болгондор:

«Адабият жаатындагы мыкты чыгарма» — Доранбек уулу Акжол;

«Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма» — Эгизбаев Уланбек Токтосунович (көзү өткөндөн кийин);

«Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)» — Жороев Арзымат Набиевич;

«Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор» — Исаков Ызат Уметалиевич;

«Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)» — Жапар уулу Дастан;

«Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш» — Токтогулов Адилет Азисмаметович;

«Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик» — Кубанов Нурсултан Кубанович;

«Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик» — Тыныбекова Айсулуу Болотовна;

«Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн» — Баялинов Азамат Абдысаматович.

[su_image_carousel source=»media: 15833,15829,15830,15838,15836,15835,15834,15831″ limit=»36″ crop=»none»]

Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты болгондор:

 «Адабият жаатындагы мыкты чыгарма» — Зарылбек уулу Адилет;

«Музыкалык искусстводогу мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик» — Таалайбекова Гүлшан Таалайбековна;

«Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)» — Маматова Тамила Абдинабиевна;

«Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы» — Өмүрбеков Атай Калыбекович;

«Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш» — Нурдинов Байгелди Илиязович;

«Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик» — Абдыкеримова Нургуль Жунушалиевна;

«Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик» — Маслова Дарья Владимировна.

«Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн» — Берхмаматов Иззат Холмахаматович.

[su_image_carousel source=»media: 15828,15837,15827,15826,15832″ limit=»36″ crop=»none»]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>