Мыктыбек Оролбай тарыхый рекорд жаратып, UFCде үчүнчү жеңишине жетишти

16.03.2026 | 11:00

Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай Лас-Вегаста 15-мартка караган түнү өткөн UFC Fight Night 269 турниринде ийгиликтүү беттеш өткөрдү. Жарым орто салмакта ал тажрыйбалуу америкалык мушкер Крис Кертисти калыстардын бир добуштан берген чечими менен жеңип алды.

Бул беттеш промоушендин статистикасы үчүн тарыхый мааниге ээ болду. Мыктыбек Оролбай атаандашын 19 жолу жерге кулатып, бир беттештеги тейкдаундардын саны боюнча жарым орто дивизиондо жаңы рекорд койду. Бул натыйжа ошондой эле бүткүл UFC тарыхындагы тейкдаундардын саны боюнча үчүнчү көрсөткүч болуп калды.

Беттештен кийинки маалымат жыйынында 28 жаштагы кыргызстандык мушкер жетишкен ийгилиги менен токтоп калбастыгын билдирди.

«Кийинки беттеште тейкдаундар мындан да көп болот», — деп убада берди спортчу.

Мыктыбек Оролбай бул беттеш бир гана атаандашынын деңгээлинен улам эмес, орозо кармап жаткандыгына байланыштуу да оор болгонун моюнга алды. Ошого карабастан, бул жагдай анын бүтүндөй беттеш бою үстөмдүк кылуусуна тоскоол боло алган жок.

Бул ийгилик Оролбай үчүн UFC алкагындагы катары менен үчүнчү жеңиши болду. Бул турнирден кийин анын профессионалдык рекорду 16 жеңиш, эки жеңилүү жана бир тең чыгууну түздү.

Кеченин башкы беттешинде аргентиналык Кевин Вальехос америкалык Жош Эмметти жеңип алды. Таймаш биринчи раунддун 3:33 мүнөтүндө техникалык нокаут менен аяктады.

Scroll to Top