Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү
05.01.2023 | 13:28
Кечээ, 4-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкүсү түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 5-январь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 70-80-чакырым аралыктарында бийиктиги 50-90 см кар күрткүлөр пайда болгондуктан, унаа жолу убактылуу жабылган.
Аталган унаа жолунун 47 жана 107 чакырымдарында ЖККББ тарабынан атайын посттор уюштурулган. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №26 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар