Кыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыктыДепутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылатУлуттук статистика комитети: туризм Кыргызстанга жарым жылда 34 млрд сом киреше алып келдиМектеп окуучуларынын ата-энелеринен жылына 2,5 млрд сомго жакын акча чогултулат — депутат
Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү
05.01.2023 | 13:28
Кечээ, 4-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкүсү түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 5-январь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 70-80-чакырым аралыктарында бийиктиги 50-90 см кар күрткүлөр пайда болгондуктан, унаа жолу убактылуу жабылган.
Аталган унаа жолунун 47 жана 107 чакырымдарында ЖККББ тарабынан атайын посттор уюштурулган. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №26 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар