«Тест татаал түзүлгөн»: ЖК депуттары Москвага барып, мигранттардын балдарына берилүүчү тестти тапшырып көрүштүУлуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев «Кыргызнефтегаз» иши боюнча камалдыБишкекте Кыргыз улуттук искусство университетине 5 кабаттуу жаңы корпус курулатБишкекте «Оргтехстрой» курулуш компаниясынын издөөдө жүргөн жетекчиси кармалдыИсламдык банкинг реформасы: Улуттук банк ачык-айкындуулукту талап кылууда, ал эми сектор салык бюрократиясынан жана «ашыкча убаракерчиликтен» жабыркап келет26-март: Өлкө боюнча күн ачык болот
Мыйзамга кол коюлду. 2026-жылдан тартып көп балалуу энелерге бир жолку жөлөкпул берилет
28.10.2025 | 13:21

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты:
- Калктын демографиялык өсүшүн колдоо,
- Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган көп балалуу энелерге жардам берүү,
- Балдардын сапаттуу өнүгүүсүнө шарт түзүү.
2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга төрт жана андан көп бала төрөгөн көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмү берилет.
- Төлөмдүн өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби министрлер кабинети тарабынан бекитилет.
Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом