Бишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалдыКыргызстанда 2025-жылы соода жүгүртүү 2,2 триллион сомдон ашты
Мыйзамга кол коюлду. 2026-жылдан тартып көп балалуу энелерге бир жолку жөлөкпул берилет
28.10.2025 | 13:21

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты:
- Калктын демографиялык өсүшүн колдоо,
- Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган көп балалуу энелерге жардам берүү,
- Балдардын сапаттуу өнүгүүсүнө шарт түзүү.
2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга төрт жана андан көп бала төрөгөн көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмү берилет.
- Төлөмдүн өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби министрлер кабинети тарабынан бекитилет.
Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом