Кыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалдыКыргызстанда 2025-жылы соода жүгүртүү 2,2 триллион сомдон аштыБаткен облусунда ата-энесинен ажыраган 13 бала жер тилкесин алды«Кесипти эмне кыласың, баары бир турмушка чыгасың»: бир ооз сөз келечекти кантип уурдайтУКМК бажы кызматкерин кармады: жарык берүүчү мамылар металл сыныгы катары катталган
Ош жана Кашкар шаарлары боордоштук тууралуу келишимге кол коюшту
28.10.2025 | 13:14

Ош шаары менен Кашгар шаарынын ортосунда боордоштук тууралуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ош шаарына Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна караштуу Кашгар шаарынан делегация келген. Кашгар шаарынын мэри Вели Асим жетектеген делегацияны Ош мэринин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу кабыл алган.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашкан. Ошондой эле боордоштук тууралуу келишимге кол коюлган. Мындан тышкары эки шаардын жеке ишкерлери жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча макулдашышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом