Нариман Түлеев отставкага кетти

Нариман Түлеев отставкага кетти

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Нариман Түлеев кызматтан кетти. Бул тууралуу Reporter.kg′ге борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

«Учурда шаардык мэрияда кесипкөй менеджерлерден жана бизнес-менеджерлерден турган топ иштеп жатат. Алар пандемиянын жана кризистин бардык кыйынчылыктарына туруштук берип, борбор калаага үзгүлтүксүз жашоо тартуулап келишет. Биз аларга ишенебиз! Бул оңой чечим болгон жок, турмуштагы эң татаал чечимдердин бири, анткени шаардыктардын бакубаттуулугу жана бейпилдиги, пикирлештеринин жана колдоочуларынын коопсуздугу, сүйүктүү Бишкекибиздеги туруктуулук жана тынчтык маанилүү», — деп билдирди Түлеевдин муниципалитети.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-октябрда Бишкекте Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылып, бир нечке адам митингге чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>