Орозайым Нарматова УКМКда «Бүтүн Кыргызстандын» депутаттары боюнча маектешүү болгонун айтты

Орозайым Нарматова УКМКда «Бүтүн Кыргызстандын» депутаттары боюнча маектешүү болгонун айтты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова УКМКга эмнеге чакырылганы тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Белгилүү болгондой, буга чейин ал өз баракчасында УКМКга чакырылганын билдирген.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары боюнча күбө катары маектешүү болду. Алгач толкундануу болуп жаткан. Анткени мурда тергөөгө күбө катары чакырылгандагы мамиле жаман маанай калтырчу эле. Азыркы тергөөчүнүн мамилеси, комитеттин өкүлдөрү, баары жакшы. Элге ачык болуу керек жана мен эл алдында жакшы да, жаман да мамилени тартынбай айтамын. Өзүм карапайм үй-бүлөдөн чыккандыктан менин коргоочум да, колдоочум да, сындоочум да эл», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, Орозайым Нарматова 2022-жылы октябрда активист жана саясатчыларды массалык камоолор учурунда милиция тарабынан Москвадан кармалып, Кыргызстанга алынып келген. Ага «Кемпир-Абад» иши боюнча кармалган 20дан ашык адамга окшош эле «массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эки ай камакта отургандан кийин 2023-жылдын 30-январында ал ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан. Ал эми быйыл февралда Нарматованын иши «керпир-абадчылардыкынан» өзүнчө бөлүп алынганы белгилүү болгон. Ошол эле учурда анын иши сотко өткөн эмес, тергөө учурунда убактылуу токтотулган.

Нарматова 2021-жылы ноябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. Бирок көп өтпөй 2022-жылдын январь айында диплом маселесине байланыштуу мандатынан ажыратылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>